921553.5a5e70966c7da2d2f6eb23cbd131551c

Башкы прокуратура өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уулу Алишер Абдырахманов Азиз Орозбаевди экстрадициялоону суранды.

Документ Орусияга 22-сентябрда жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 4-сентябрда Москвада Баткен облусунун элчисинин уулу кармалган. Ал алдамчылык фактысы боюнча издөөгө алынган.

2019-жылдын март айында Бишкекте үч жаран ишкердин ишенимине кирип, чет өлкөдөн алынып келинген чет өлкөлүк автоунааларды сатып аларын айтышып, 1 397 000 сомдук (20 000 доллар) Toyota Avalon жана 768 350 сомдук (11 000 доллар) Hyundai Elantra унааларын ээлеп алышкан. Ишкерге 2 миллион 165 миң 350 сом материалдык зыян келтирилген. Кылмышка шектүүлөрдүн арасында Азиз Орозбаев дагы болгон.