“Мени өз уулуңуздай көрүп кечириңиз”,- дейт Саламат Садыкова тууралуу бурмаланган жаңылыкка ишенген колдонуучу (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкованын буга чейин дин тууралуу билдирген ою талкууга калган эле. Бул боюнча ырчы анын сөзү массалык маалымат каражаттары тарабынан бурмаланып калганы менен түшүндүргөн. Канча күндөн бери Саламат Садыкованын жогорудагы дин боюнча билдирген оюна Али Абдразаков аттуу Фейсбуктун колдонуучусу жооп берип, тынчын алгандыгы үчүн кечирим сурады:

“Саламатсызбы эже! Канча күндөн бери тынчыңызды алганымды билем. Ачуулукка алдырып, өзүмдүн алсыз экенимди көрсөтө салдым.

Сизди эне катары сыйлайм! Анткени менин да сиздей энем бар. Билем, энелердин мээрими чексиз болорун. Ошондуктан мени да өз уулуңуздай көрүп кечириңиз!
Жакшы сөз да, жаман сөз да бир ооздон чыгат демекчи, кээ бир адамдардын сизге карата айтылган сын-пикирлери үчүн да кечирим сурайм!
Мусулмандарга карата оюңуз түз экенине абдан кубанычтамын! Ошондой эле сиз менен тең замандаш болуп жашап жатканым да мен үчүн чоң сыймыктыр!

Урматтуу, достор! “Болор иш болду, боёсу канды” дегендей, бул сөздөрдүн артынан мусулмандарга кайчылаш сөздөрдү атайын тараткан жана элди эки тарапка бөлүп-жаруу максатын көздөп жазган ар кандай медиа порталдар аман эле болгула!

Эже, эч качан оорубаңыз. Небере-чеберелериңиздин күнүн-күчүн көрүңүз. Үйүңүздө чоң-чоң исламий тойлор болсун. Неберелериңиз элдин алкышын алган, куран жаттаган жана хадис илимдеринин ээлери болушсун! Эң жаман көргөн уулуңуздун артынан ылайым падышалар жүрсүн! Омийн!”- дейт ал.

Буга жооп катары Саламат Садыкова төмөндөгүлөрдү жазды:

“Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч” дегенди акыл-эс тартканы туу туткан жанмын. Ооба, балам отко, чокко ууланган тилдүүлөрдүн оозунда эрмек болуп, эссиздерге теңелбегеним ырас, тентектерге теңелбегеним акыйкат. Канчалаган суук тилдерге каргыштарына чыдаганым сабырыма шүгүр! Амандык берсин жалпыга. Өзүң да аман жүр, береке тап”,- дейт ал өз сөзүндө. 

Avatar
Жаңыл Ниязбекова
Жаңыл Ниязбекова, 1996-жылы 11-январда төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультенинин жарнама жана коомчулук менен байланыш бөлүмүн аяктаган.

Комментарии