Бүгүн, 2-августта такталган маалымат боюнча, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 265-чакырымында (Сары-Булак тилкеси) тоо боорунан сел суулары каптап, унаа жолду кум шагылга толтурган. Жол эки тараптуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 6 куткаруучу, №955 ЖТИден 1 грейдер, 1 кран манипулятор, 6 кызматкер жана КР ИИМнин ЖКККББнан 2 экипаж тартылып, саат 13:00 чамасында унаа жол толук тазаланып ачылган.