Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыковдун чоң энеси дүйнө салды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды:

“Алтын энем жаткан жериңиз жайлуу болсун. Беш күн мурда кучактап ыйлап “Сени өзгөчө жакшы көрөм”,- деп бетимден өөп шаарга узаттыңыз эле… Көрсө, коштошкон экенсиз да”.