Токтогул районунда 20-июль күнү саат 16:20 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата айылынын Сатылганов көчөсүндө 3 турак үй, Атабеков көчөсүндө 4 турак  үй жана Мадеш көчөсүндө 3 турак үйдүн короолорун суу каптаган, жалпы 10 турак үйдүн короосун каптаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 240метр ички чарбалык жолун каптаган, жол каттамы ачык унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле Кодиков жана Сатылганов көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн шакекчелеринин жээгин сел суулары жууп кеткен, жол каттам унаалар үчүн жабык.

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет тарабынан бул боюнча шашылыш билдирүү берилген. 

Тазалоо иштерине райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук ЖК комиссиясы жана жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылган.

20-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери жүргүзүлгөн. 21-июль күнү тазалоо иштери улантылат.