Бүгүн, 29-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында “Биз иштегибиз келет!” аттуу тынчтык митинги болуп өттү. Тамада, ырчы, бийчи, сүрөтчү, оператор, кафе, ресторандардын администраторлору, официанттары катышкан тынчтык митинги тууралуу тамада, “тамашоучу”, КТРК Спорт каналынын комментатору Алымбек Адылбеков төмөндөгүдөй маалымат берди:

“Биз иштегибиз келет”” тынчтык митингине тойго кызмат кылган адамдар катышты. Өзүңүздөр билгендей, базарлар, коомдук транспорттор кадимкидей иштеп жатат. 3-4 күн мурун паспорт алмаштырганы баргам. Ал жактагы кезекти айтпай эле коёюн.

Тойго барган киши жуунуп-таранып, жаңы кийимдерин кийип алып барат да. Жукса базарлардан, коомдук транпорттордон деле жугушу мүмкүн. Эгерде тактыкты, тартипти талап кылса, баарына бирдей карап, жабыш керек.

Мен өзүм КТРКда мамлекеттик жумушта иштейм. Айлыгым бар. Ал эми той менен гана каражат тапкандарга кыйын болууда. Андыктан тойго тыюу салганына каршы болуп жатабыз”,- дейт ал.

“Бул видео Таласта тойго кызмат кылгандардын нааразчылык акциясы экен”,- дейт Адылбеков.