0c92a9f2-ce37-4d43-8227-3ddb66419a51

Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аймактарга жеткирилүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган гумжардам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жана Ош шаарына жеткирилет. 2020-жылдын 4-августуна карата Жалал-Абад, Баткен облустарына жалпы 1000 тонна ундун ичинен 420 тонна өлчөмүндө жүк жеткирилген.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды түшүрүү, сактоо жана белгиленген жерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылат.