Фейсбукта Мирбек Раимов белгилүү акын Мирлан Самыйкожого Ак-Талаа районунун жигиттери темир тулпар мингизгенин билдирди:

“Быйыл өтө эле оор жыл болду. Бирок, ар бир күндү жакшы кылып же жакшы тилек менен өткөрүп өзүбүзгө майрам тартууласак болот экен. Муну айтканынымдын себеби, биз тирүүбүздө сыйлашып, бири-бирибиздин баркыбызга жетпесек, кийин соңу өкүнүп калат экенбиз. Кыргыздын таланттуу уулдары Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун өтүп кеткени бизге оор тийди. Алардын жанында жүргөн досубуз Мирлан Самыйкожого ал нерселер бизден да оор болду. Биз аны Мики досубузду күнү-түнү ташып, агаларыбыздын зыйнатында кызматында жүрүп көрдүк. Эл Микинин күйүткө күйүп турганын эфирден же радиодон көрүп турса мен жанында көрүп туруп аябай жаман болдум. Ошол күндөрү Микинин жанында жүрүп, “Эл уулдарын баптап, бапестеп албаса баарыбыз тең эле бул дүйнөгө конок экенбиз” деген ойго келгем. Өзүмө жеткидей оокатымдан сырткары курулуш тармагында кичинекей жумушум бар. Тапканымды артынып кетпегенден кийин деп досум Микинин талантын жана мекенчил, патриоттуулугун баалап бир жорго мингизейин дегем. Ошол ой-кыял эми минтип бүгүн ишке ашты. Мики досума ушул тулпарды Ак-Талаа жигиттеринин ынтымагы менен мингиздик. Эл уулун эл өзү кадырлап алыш керек. Мики, жалаң жакшылыкка мин, сапарың байсалдуу болуп, алдынан шамал өтүп турсун досум. Мен сен үчүн дайым кызматтамын. Буюрса сени далай сүйүндүргөндү Кудай мага насип кылсын!”

Ал эми акын Мирлан Самыйкожо өз кезегинде жердештерине ыраазычылыгын айтты:

“Рахмат! Ыраазычылык билгизем! Ак-Талаанын ЭЛи нукура кыргыз наркын сактап келе жаткан, пейилдери байыркыдай БАТАЛУУ ЭЛ! Ошол ЭЛден бизге чейин да бир топ МЫКТЫЛАР чыккан. Бүгүн дагы ошол салтты, наркты улай ак ниет, таза ой менен БАБАЛАРДЫН жолун булгабай улоого далалат кылып келатабыз. Жүрөгүңдү ЭЛге арнасаң ЭЛ сенин тирегиң, жөлөгүң болот! Алгач ЭЛге, ЖУРТка терең ыраазычылык билдирем! Андан соң Мирбек Раимов өңдүү досторго, биримдиги күчтүү канатташтарыбызга, жаштарга рахмат! Бар болгула! Күттүк айтып, чын дилинен кубанган ар бириңиздерге чоң рахмат!”