Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы 110дон башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ЖОЖдорго тапшыруунун босого баллы мурункудай эле 110, ал эми предметтик тесттер 60 баллдан башталат.
Медицина жана фармацевттик адистиктерди эске албаганда, контракттык негизде окууга 105 баллдан жогору алынат.

Бул чечим Кыргызстандагы Жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын, Жогорку Кеңештин депутаттары жана абитуриенттердин ата-энелеринин өтүнүчү менен кабыл алынган.