“Коронавирус пандемиясына байланыштуу биздин өлкөдө жалпы статистика 46 841ге жетти. Жаңы учурлардын саны күндөн күнгө көбүрөөк катталып жатканын көрүп жатасыздар. Бүгүнкү сан – жалпы 172, анын ичинен ковиддин көрсөткүчү көбүрөөк болуп жатат – 112, пневмония – 60.
Бул сандарды коркутуу үчүн эмес, эпидемиологиялык кырдаал көңүлдөн тышкары калбаса экен деген ойдо берип жатабыз. Бул кырдаал бизди өтө кооптондурууда. Ошол эле мезгилде оору мындан ары да сезондуу грипп жана курч респиратордук оорулардын айынан коронавируска байланышкан эпидкырдаал күчөй турган болсо, анда баарыңыздарды паникага алдырбоого чакырам”, – деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал өз убагында медициналык кызматтарга кайрылууга чакырды.

Анын айтымында, кайсы гана мамлекет болбосун, оорунун күчөгөн мезгилинде дары-дармектер боюнча маселе жаралган:
дары-дармектердин тартыштыгы;
баанын спекулятивдик көтөрүлүшү;
элдин ичинде дарылардын кереги бар же жоктугуна карабастан ашыкча сатып алуулары.

“Бул бизде гана болгон жок, башка өлкөлөрдө дагы байкалды. Муну айтканымдын себеби, азыркы эпид кырдаалда ушул нерсени кайталанышына жол бербешибиз керек. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, сиздерден суранарыбыз – июль айындагы дүрбөлөңгө алдырбоону суранабыз! Бүгүнкү күндө ар бир фарм компанияларга дары-дармектерди үзгүлтүксүз алып келип туруусу боюнча жана кийинки алынып келе турган мүмкүнчүлүктөрү боюнча убагында маалыматтар алынып жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондуда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады”, – деп белгиледи ал.