0-1

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн  кызматкерлери  Бишкек шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун  соңку токтоочу  аялдамаларына барып, айдоочуларга кыш мезгилине карата  маршурттук унаалардын даярдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда унаанын техникалык абалына көңүл буруп, жарык берүүчү, айнек тазалоочу, электр шаймандарын, акумулятордун зарядынын туура иштешин текшерүү менен бирге сөссүз түрдө жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу зарылдыгын эскертишти. Ошондой эле айдоочулар психологиялык жактан кышкы айдоо стилине көнүшү керек. Күз-кыш мезгилинде алар жолдо өзгөчө этият болуп, жол эрежесин так сакташы керек. Коопсуздукка көңүл бөлүп, тилкеден тилкеге өтүүдө жана жолдо башка айла-амалдарды жасоодон алыс болуу керек. Унаалардын ортосундагы аралыкты жана каптал аралыкты сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүшүп, күн же түн болобу аба ырайы бузулганда, туман болсо чырактарын колдонуу зарыл, ошондой эле ылдамдыкты мүмкүн болушунча коопсуз деңгээлге чейин азайтуу жана эскертүүчү жарык күйүп турушу керек экенин белгилешти.

Буну менен кана чектелбестен МККБнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын  кызматкерлери менен бирдикте  абанын булганышына себепчи болгон  авто унаалардан чыккан абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган кара түтүндүү унааларга карата рейдтик иш-чаралар өткөрүлүүдө.