Кечээ, 8-июлда Билим берүүнүн мыктысы, техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери Жаныбеков Чабалдай 90 жашында дүйнө салды.

Чабалбай Жаныбеков 1930-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. 1947-жылы Темиров орто мектебин алтын медаль менен аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, аны да артыкчылык менен аяктаган. Эмгек жолун Нарын мугалимдер институтунда баштаган.

1961-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты наамын алуу үчүн диссертациясын жактаган, 1965-жылы доцент наамын алган. 1967-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясында лаборатория түзүп, аны жетектеген. 1991-жылы жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин негизинде ал техника илимдеринин доктору диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 300дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинде суюктук жана газ механикасы боюнча 12 илимий монографияны, математика боюнча 4 терминологиялык сөздүктү басып чыгарган.

Жаныбеков Чабалдайдын көп жылдык үзүрлүү илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердиги мамлекеттик сыйлыктар: “Эмгек ардагери” медалы, “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган. Ага “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери” деген ардактуу наам ыйгарылган.