Жумгал районунда 14-июль күнү Кабак айыл аймагынын Дүмдүрөмө айылында 1992-жылы туулган жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат КР ӨКМне 18-июль күнү түшүп, издөө иш-чаралы жүргүзүлгөн.

19-июль күнү жоголгон жарандын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.