Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ооруканаларына балдарды жаткыруу боюнча кайрылуулардын активдүүлүгүнүн жогорулашы байкалган жок, орундардын резерви бардык стационарларда бар. Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок. Бардык балдар стационарлары штаттык тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлиги балдардын арасында СOVID-19 алдын алуу жана дарылоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүдө. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттик жумушчу тобу “Коронавирус инфекциясын диагностикалоо жана дарылоо боюнча убактылуу клиникалык протоколдун (COVID-19)” 4-нускасын иштеп чыкты, илдетти жуктуруп алган балдарды дарылоо боюнча сунутар бөлүмүнө балдарда СOVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооругандан кийин өрчүп кеткен мультисистемалык сезгенүү синдромун (Кавасаки) аныктоо боюнча суроолор жана диагнозун коюу критерийлери киргизилген.

Бүгүнкү күндө “Мультисистемалык сезгенүү синдромунун (Кавасаки) клиникалык протоколун иштеп чыгуу боюнча” жумушчу топ тарабынан Клиникалык протокол даярдалып, ДССУнун эл аралык эксперттери тарабынан тышкы экспертизадан жана КРСУнун кафедра кызматкерлери тарабынан ички экспертизадан өттү, документ Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттик кеңешине тапшырылды.


Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо медициналык институтунун жана Түштүк филиалынын базасында онлайн тартипте СOVID-19га чалдыккан жана оорусу өрчүп кеткен балдарды дарылоо боюнча окутуулар жүрүүдө.


Республика боюнча балдарды ооруканага жаткыруу 5 балдар стационарында жүрөт:
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
Бишкек шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасы;
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы;
Кара-Суу балдар ооруканасы;
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы.
Ошондой эле облустук жана аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрү.

Балдар үчүн арналган койка-орундуктардын жалпы саны – 2356.


Оорусунун профили жана абалынын оордугу боюнча балдар Бишкекте Эне жана баланы коргоо борборунда дарыланууда, ал 579 орунга ылайыкталган, анын ичинде 253 койка педиатриялык профилде. Бир жылдын ичинде Борбор 178 миңден ашык балага кеп-кеңешин берип, 19 миңден ашык бала стационардык түрдө дарыланат.

Тоголок Молдо, 1 дареги боюнча корпусунун базасында COVID-19га шектүү болгон балдар үчүн кошумча бөлүм ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Жугуштуу оорулар ооруканасында инфекциялык оорулары менен келген бейтаптарды, анын ичинде балдарды жаткыруу кайра жанданды, койкалардын жалпы саны – 400. 100 койкага ылайыкталган жаңы корпус курулууда, анын ичинен 30 койка – реанимациялык, жугуштуу оорулар көбөйгөн учурда, ошондой эле COVID-19 менен келген балдар үчүн кошумча орундар ачылат.

Шаардык тез жардам балдар ооруканасы бүгүнкү күндө соматикалык жана хирургиялык профилдеги балдарды кабыл алууда, КРВИ көбөйгөн мезгилде кошумча 200 койка ачуу пландалууда.

COVID-19 менен ооруган балдар үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасында, облустук жана аймактык ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, жаңы салынып жаткан жугуштуу оорулар ооруканаларында кошумча орундар каралган.