Нарын облусунун Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын тургундары 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМга келип түшкөн. Ошондон бери дайынсыз жоголгон тургундарды издөөгө куткаруучулар тартылып, бирок, жыйынтык чыга элек. Кечээ, 5-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 11 куткаруучу тартылганын ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.