Куудул, алпаруучу Гүлжайна Атаканова ырчы Анжеликадай депутаттар Кыргызстанга керек экенин жана ага “Кыргыздын баатыры” наамын бериш керектигин инстаграм баракчасына жазып чыкты:

“Бүгүн мен ушул кызды мактагым келди. Алтыным @anjelika_kairatovna_official. Аллахым сага эки дүйнөнүн бактылуулугун насип кылсын ылайым. Азаматсың алтышка: Сенин жасап жаткан жумуштарыңды көрүп сендей күчтүү айым болгум келди.

Акты ак деп айтыш керек: Аты жаман ооруу КРды каптагандан бери 1 күн дагы өзүң үчүн убакыт болбой Кыргыз элим деп күйүп-жанып жүрөсүң. Чынын айтканда САГА “КЫРГЫЗДЫН БААТЫРЫ” деген наам бериш керек.

1000деген адамдар Вирустан коркуп үйүнөн чыкпай жаткан күн да болду, эмне Анжеликага оору тийбей турган жаны ТЕМИР беле? Бирок, өз өмүрү коркунучта болсо дагы элим деп тыпылдып жүгүрүп иштеп жүрөт.

Мен бир нерсени баса белгилеп айтат элем Анжелика миллиондогон адам өмүрүн сактап калганга көпүрө болду: Бул жумушту баштабаса, жасабаса билбейм дагы канча адам өмүрүнө коркунуч келет эле.

Кечээ Анжеликанын “сторисинен” көрдүм. “Мен депутаттыкка барбайм! Жаш кандидаттарды колдойм!”- дептир.

Бирок, кыргыз элине Анжеликадай эр жүрөк, күчтүү, эч нерседен коркпогон, баары бир гана Аллахымдан деген, кыргыздын көйгөйүн чечкен Анжеликадай депутат керек. Анжелика депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам. Алтын башың аман болсун, Аллахым сенден ыраазы болсун!

Ушунчалык жанып-күйүп иштеп жүрсө да көрө албай, ичи тардык кылган адамдар аман болгула!

🐕🐕🐕🐕🐕🐕🐕АФАФАФ 🐫🐫🐫🐫🐫🐫ДЫГЫДЫК ДЫГЫДЫК😉😉😉😉😉 АНЖЕЛИКА ИЙГИЛИКТЕРДИ БАГЫНДЫРА БЕР!”