Өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, Комуз күнүнө карата бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) маданий иш-чара уюштурду.

Маданий иш-чараны Кыргызпатенттин статс-катчысы Талант Конокбаев ачып, өз сөзүндө комуздун кыргыз элинин турмушундагы ролуна кеңири токтолуп өтүү менен, белгилүү комузчулар Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов, Ниязаалы Борошев, Ыбрай Туманов, Атай Огомбаев сыяктуу залкар инсандарыбыз кыргыз күүсүн байытып, улуттук маданиятыбызды жана баалуулуктарыбызды сактап, муундан-муунга рух табериги катары өткөрүп  келишкенинин баса белгиледи.

Комуз майрамы манасчы Жанат Шакирт уулунун “Манас” айтуусу менен башталды. Андан кийин руханий маданиятыбызды жоготпой, алып жүрүүчүлөрдүн бири, белгилүү комузчу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рахат Көчөрбаев, маданияттын мыкты кызматкери Фарида Өмүрзакова, Б. Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин мугалимдери  Рыспек Жунушев, Асанбай кызы Айпери, Самарбекова Нурпейил, эл оозуна комузчулук өнөрү менен оозго алынып келе жаткан жаш комузчу Жетиген уулу Аскат, Санкт-Петербург шаарындагы А. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти Алина Уланова, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайдын студенттери Насиров Руслан, Муратбек уулу Нурдан, кылым карыткан күүлөрдү аткарып берүү менен кыргыз комузунун улуулугун даңазалашты.

“Акак” комузчулар ансамбли А. Огомбаевдин “Маш ботой”, Шекербек Шеркуловдун “Үч-Муунак” күүсүн жогорку чеберчиликте аткарып беришип, майрамга өзгөчө бир шаң кошту.

Бул күнү Кыргызпатенттин мекемесинде комуз күүлөрү жаңырып турду.

Комуз күнүңүздөр менен!