1-01

Өткөн суткада АКШда коронавирус жуктуруп алуунун 77,3 миң жаңы учуру катталды, бул пандемия башталгандан берки дүйнөлүк рекорд саналат. Ошондой эле, АКШда бир сутка ичинде коронавирустан улам 943 адам көз жумган.

Жалпысынан АКШда 3 жарым миллион адамдын коронавирус жуктуруп алган учуру катталса, 138 миңден ашуун бейтап көз жумган. Коронавирус жуктуруп алуу жана андан улам көз жумгандардын саны боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунда турат. Экинчи орунда Бразилия турса, үчүнчү орунда Индия турат.