Кыргыз эстрада ырчысы Асел Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева аларга жазылган негатив комментарийлерден жүрөгү ооруп жаткандыгын айтат:

“Саламатсыздарбы кыргыз элим! Кутман таң! Эртең менен аябай негатив комментарийлерди окуп жүрөгүм ооруду! Мен энемин, кызыма ушундай терс таасир эткен сөздөрдү ыраа көргүм келбейт! Кызым эч кимге катуу сүйлөбөгөн назик инсан!

Мен сиздерге, сиздер окуган дуаңыздарга эки жолу ыраазычылыгымды билдиргем! Эгерде ошол жазган ыраазычылыгымды окубасаңыздар мен күнөөлүү эмесмин да. Сиздерден сураныч, негатив жазган инсандар, сиздер мен жана кызым жөнүндө аябай жаман сөздөрдү жазып моокумуңуздар кандыбы? Эмне маалымат уккуңуздар келди? Кызым ооба, ооруканадан аман-эсен чыкты, Кудайга шүгүр!

Реанимацияда иштеген бут медицина кызматкерлерине таазим кылам! Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум! Буюрса, акырындап өзүнө келе баштады. Убакыт керек экен. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернет чукулап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек! А салон жөнүндө жазгандарга, жарнама кылбай кызың жөнүндө маалымат бербейсиң дегендерге: “Салонду жарнама кылуу менин ишим! Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксыңар, “энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп!”. Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле!Бизнести токтотсок артка кетет, кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын, нервин кетирип, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот!

Эчкимди “балам” деп сыздатпасын! Эгерде биз жакпай жатсак, биздин инстаграмга кирбей эле коюңуздар, өзүңүздөрдүн да жаман нерселерди жазып убактыңыздарды коротпоңуздар, күнөөгө батпаңыздар! Дуа кылып, кызым үчүн сарсаана болгонуңуздарга ыраазычылыгымды билдирем!”.

View this post on Instagram

Саламатсыздарбы кыргыз элим!Кутман тан!Эртен менен аябай негатив комментарийлерди окуп журогум ооруду!Мен энемин,кызыма ушундай терс таасир эткен создорду ыраа коргум келбейт!Кызым эч кимге катуу суйлобогон назик инсан!Мен сиздерге,сиздер окуган дуаныздарга эки жолу ыраазычылыгымды билдиргем!Эгерде ошол жазган ыраазычылыгымды окубасаныздар мен куноолуу эмесмин да.Сиздерден сураныч,негатив жазган инсандар,сиздер мен жана кызым жонундо аябай жаман создорду жазып моокумунуздар кандыбы?Эмне маалымат уккунуздар келди?Кызым ооба,больницадан Аман-эсен чыкты,кудайга шугур!Реанимацияда иштеген бут медицина кызматкерлерине таазим кылам!Кызымды экинчи жолу торогондой болдум!Буйруса акырындап озуно келе баштады🙏🏻Убакыт керек экен.Сабыр кылып турунуздар,кызым интернет чукулап,бирнерсе жаза турган акыбалга келе элек!А салон жонундо жазгандарга,реклама кылбай кызын жонундо маалымат бербейсин дегендерге!Салонду реклама кылуу менин ишим!Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксынар,энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп!Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле!Бизнести токтотсок артка кетет,кызымдын ушунча эмгегин таштап койо албайм.Канча деген убактысын,нервин кетирип,жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып,киреше алып келсе,кызыма менден жардам болот!Эчкимди балам деп сыздатпасын!Эгерде биз жакпай жатсак,биздин инстаграммга кирбей эле коюнуздар,озунуздордун да жаман нерселерди жазып убактыныздарды коротпонуздар,куноого батпаныздар!Дуа кылып,кызым учун сарсаана болгонунуздарга ыраазычылыгымды билдирем!!

A post shared by Дилбар Монокбаева (@monokbaeva055) on