Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү (Жалдануучулук) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 1989-жылы туулган КР жараны Т.Н. кармалды.

Такталгандай, кармалган адам 2014-жылдан 2017-жылдар аралыгында Сирия аймагында болуп, Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы ЭТУ катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келген.

Жогорудагы соттук териштирүүнүн материалдары жана Ош шаардык сотунун чечими менен анын жашаган жеринде санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү, жыйынтыгында кандайдыр бир тыюу салынган буюмдар табылган жок.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди

Азыркы убакта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.