19-июль күнү Улуттук коопсуздук комитетинин ардагери, запастагы полковник Токтошев Кылычбек Исакович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Токтошев К.И. 1959-жылдын 1-октябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайку айылында туулган.
1976-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Оштогу текстиль комбинатында жумушчу болуп иштеген.
1984-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун кызыл диплом менен аяктап, Ош шаарындагы 4-автобазада инженер, гараждын начальниги болуп иштеген.
1985-жылы Ош обком комсомолуна инструктор болуп которулуп, ошол эле жылы Алайку айылдык комсомол комитетине биринчи секретарь болуп шайланган.
1987-жылы СССР КГБсынын катарына кызмат өтөөгө чакырылып, 2013-жылга чейин кызмат өтөгөн. СССР КГБсынынын Минск шаарындагы мектебин бүтүргөн.
Кыргыз Руспубликасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя бөлүмүндө оперкызматкер, кийин ушул эле башкармалыктын бөлүмдөрүндө улук оперкызматкер, начальник болуп иштеп жүрүп Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жетекчи жана Лейлек районунда жетекчинин орун басары болуп иштеген.
2010-2012-жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын биринчи орун басары, начальниктин милдетин аткаруучу болуп турган. Ош аэропортунда авиациалык коопсуздук боюнча начальниктин орун басары, КР-акыйкатчысынын түштүк аймагы боюнча мобилдик инспекциясынын бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн.
2015-жылы Оштогу юридикалык институтун бутуруп юрист кесибине ээ болгон.
КР Улуттук коопсуздук физкультура жана спорт комитеттеринин отличниги. Бир нече жолу коопсуздук комитетинин ардак грамоталары жана медалдары менен сыйланган, запастагы полковник.
Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, жазуучу жана акын, «Өткүн», «Бабалар баяны» китептеринин автору.
2 уул, 2 кыздын атасы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы Токтошев Кылычбек Исаковичтин үй-бүлөсүнө жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.