абдугаппар-сманов

 Казакстандык белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов элүү жашында дүйнөдөн кайтты.

Абдыгаппар Сманов 1970-жылы февралда Казакстандын Түркстан облусунун Сарыагаш районунда туулган. 1990-1994-жылдары Бекабаддагы (Өзбекстан) «Магрифат» медресесинде диний билим алган.

1994-жылдан бери “Таяк ишан” мечитинин башкы имамы жана мечиттин жанындагы медресенин окутуучусу.

2010-жылдан 2016-жылга чейин Сарыагаш медресе-колледжинин директорунун орун басары, 2016-жылдын декабрь айынан баштап Сарыагаш медресе-колледжинин директору болуп иштеген.

Абдыгаппар Шакирович коомчулукка Ислам дининин асыл баалуулуктарынын жеткирүүдө абдан чоң салым кошкон.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы боордош казак элине, Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы жамаатына жана Абдыгаппар Смановдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.