Блогер Гүлзат Мамытбектин апасы Кенжегүл Сыдыкова видео аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго төмөнкүдөй кайрылуу жасады:

“Урматтуу, биздин ажо Сооронбай Шарипович. Менин кызым Гүлзат Мамытбекке жардам берүүңүздү суранам, эне катары. Адилеттүүлүк орундалат деген чоң үмүттөмүн.

Көз жашымды төгүп, тизе бүгүп кайрылып жатам! Кызым жана неберелеримдин сыздаганын көрүп жүрөгүм чыдабайт.

Үйдү жана үй салынган жерди Гүлзаттын жана сизге сыздап кайрылган неберелеримдин пайдасына чечип берүүнү өтүнөм. Ал жерди менин жолдошум ыраматылык Алымкулов Мамытбек Токторович 5 миң долларга алып берген. Үйду кызым Гүлзат акча таап салган. Ал кезде кызымдын 3 өлкөдө 10дон ашуун англис тилин үйрөткөн мектептери бар эле.

Биздин өлкөдө аялдын укугу тебеленип жатат! Аялды кордогон улут эч качан өнүкпөйт! Андай жагдайга кайдыгер карап туралбадым, сизге кайрылдым ! Биздин кыргыздын чыгаан лидер жигиттерине дагы кайрылам !Менин Гүлзатымдай таза, патриот, элине күйгөн кыргыз кызына колдоо көрсөтүп коюңуздар! Аял башы менен, 3 баласы менен чыркырап чындык издеп жүрөт. Адилеттүүлүк орнойт деп толук ишенем!”