Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 30…35°, Талас өрөөнүндө 28…33°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 31…36°, Ысык-Көл ойдуңунда 22…27°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 6…11° жылуу болушу күтүлөт.