0-1

Милициянын кайгуул кызматы автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдаган айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 12-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 17:10 чамасында   Чүй жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинен  “BMW” үлгүсүндөгү автоунааны терезелерин караңгылатып жүрөт деген шек менен токтотушкан.

Текшерүү учурунда 1981-жылы туулган С.Э. аттуу айдоочу унаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдап жүргөндүгү аныкталып, айдоочуга карата  Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 129-берененин 3-бөлүмүнө ылайык протокол толтурушуп, автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилди.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн жол эрежелерин так сактоого чакырат.