Алпаруучу Назира Айтбекова баласы менен болгон диалогун жазып, анда экөөнүн тагдыры окшошуп калганын ичи тызылдаганын айтат:

– Сиз баланы сооротконду билбейт экенсиз!

– Эмнеге?

– Бир жолу атам экөөң ажырашканда ар кандай аталар болот. Айрым аталар балдарын же апасын аябай сабайт. Айрым учурда өлтүрүп коёт. Ошон үчүн аларга салыштырмалуу атаң жакшы жана сени жакшы көрөт” дегенсиз. Мен ошол аталарды эстегенде ыйлагым келет.

Муну укканда оңтойсуз боло түштүм. Ал окуя эсимде жок негедир. Анын башка бүлө күткөнүн жумшартыш учун балким айткандырмын. Башкача салтыштыруу керек беле ким билсин? Айлам куруганда балам мендей өзүн ташталган сезбесин десем керек да. Бир саамга унчукпай калдым. Тынчтынымды уулум кайра эле суроосу менен бузду.

– Апа, атаңды сагынчу белең?

– Албетте, балам. Жол карап күтчүмүн. Бирок келген жок. Анткен менен кийин издеп, таап бардым. Тааныштым. Мага караганда сага тагдыр жылмайыптыр. Телефон аркылуу сүйлөшөсүң. Бир жумада бир болсо да көрүшөсүң.

– Бир айда бир.

– Айырмасы жок, балам. Бирок сен анын бар экенин жана сени жакшы көрөрүн билесиң. Эң башкысы башы аман.

…дедим. Тагдырыбыз окшошуп калганына ичим “тыз” дей түштү. Жашым тегеренип кетти. Ар ким өз атасын эстеп аткан чыгар жымжырттык өкүм сүрдү ортодо…