Жалал-Абад шаарынын мэриясы карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндөн тартып мэриянын кызматкерлери онлайн режиминде иштөөгө өтүштү. Бул маселе штабдын отурумунда каралды. 14 күн бою кызматкерлер алыстан иштешет.

Эске салсак, мэриянын төрт кызматкеринен коронавирус аныкталган.