Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-сентябрындагы отурумунда «2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Чечимде, 1-пункттагы “447 726 500 (төрт жүз кырк жети миллион жети жүз жыйырма алты миң беш жүз)” деген сөздөр “449 583 700 (төрт жүз кырк тогуз миллион беш жүз сексен үч миң жети жүз)” деген сөздөргө алмаштырылсын деп айтылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 1 857 200 (бир миллион жети жүз элүү жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитти.

Чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрында № 224 токтому менен бекитилген, Москва шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн шайлоо участкасын ишин каржылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып кабыл алынды.