1-03

Бишкек шаарында 2-июлдан тарта жаңы иш тартиби бекитилип, ага ылайык, коомдук транспорттун графиги өзгөртүлгөн. Жаңы графикке ылайык, коомдук транспорттор саат 7:00-10:00 аралыгында иштеп, саат 10:00-17:00 аралыгында тыныгуу болот. Кайра кечки саат 17:00-21:00 чейин каттай баштайт. Ал эми эс алуу күндөрү такыр иштебейт.

Бирок, “Дордой” базарына маршруткалар кадимкидей эле каттап жатканын БарсМедиа агенттигине Болотбек Султанов аттуу жаран билдирди.

“Мен кечээ, 16-июлда “Дордой” базарына барып келдим. Эртең менен троллейбус менен барган болчумун, ал эми келээрде коомдук транспорт жок, такси менен кетсем керек деп ойлогом. Бирок, базардан чыккан жерде таксилер менен кошо маршруттук таксилер да кадимкидей эле иштеп жатканын көрдүм. Бирок, жол кирени 50 сом кылып алышыптыр. Саат болжол менен күндүзгү бирлер чамасы болчу. Бул убакта коомдук транспорттор иштебеши керек болчу.

Бирок, мен кишилерди топтоп, 50 сомдон эле алып кетип жаткан таксиге отуруп келдим. Жолдо келе жатканда маршруткалардын иштеп жатканы тууралуу сөз болуп калганда, таксист буга чейин таксисттер бул тууралуу мэрияга арызданышканын, мэриядан кишилер келип текшеришкенин айтты. Эгерде текшерген болсо, анда маршруткалар жүрмөк эмес, демек сүйлөшүп алышты дейт ал.

Мүмкүн маршруткалардын ошентип иштеп жатканы жөнөкөй эл үчүн жакшыдыр. Бирок, 12 сомдук жол кирени 50 сомго көтөрүп алышканы туура эмес да. Мындан көрө баарына эле уруксат берип коюшсун да”, – дейт окурман.