Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин көздөй адамдарынын бири, анын мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду. Бул тууралуу, ЖАМКдан билдиришти.

Илмиянов адегенде, Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болуп кызмат өтөп жүргөн болсо, кийин Атамбаев президенттик тактыга келгенде ал өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бирине айланган.

Маалымат үчүн: Илмиянов Икрамжан Саттарович, 1975-жылы 1-июлда туулган, 2019-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө мүлкүн конфискациялоо жана 1600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен 7 жылга эркинен ажыратуу каралган. Илмияновдун жардамы менен жабырлануучу Грамовичтин пайдасына 10 397 235 сом материалдык чыгым чогултулган.

Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 19-июнундагы өкүмү менен, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдын 30-октябрындагы өкүмү өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мүлкүн конфискациялоо менен жаза мөөнөтү 5 жылга 6 айга чейин кыскартылган.

Соттук иштер учурундагы 1 жыл 7 ай 19 күн бир күнгө эки күн болуп эсептелинет. Буга катар, Илмияновго 2 ирет амнистия колдонулган. Анын жаза мөөнөтү 01.12.2021 аяктайт.