Кыргызстандык белгилүү тайбоксчу, UFC мушкери Рафаэль Физиев Даниель Ажиевди шайтан атап, мурдун талкалайм деди.

Спортчу бул тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазган.

“Мен бул шайтандын сындырам деп үмүт кылам. Ошол убакты чыдамсыздык менен күтөм. Мен бул шайтандын бетин, мурдун талкалайм деп үмүт кылам. Мыйзам жол берген жол менен сындырам аны.

Ал жалпы кыргыз элин, Кыргызстандын бүт калкын шылдыңдады.

Эки желек көтөрүп чыкканымда мени деле айрым адамдар шылдыңдаган учурлар болгон. Бирок, мен элди шылдыңдаган жокмун да.

Эгерде көп акча тапсаң, элге жогортон кароонун кереги жок. 15 миң тапкан адамдарды шылдыңдаба. Алар башы иштебеген үчүн аз акча таап аткан жок. Буга элди ойлобогон бийликтегилер күнөөлүү.

Мен ошол убакты чыдамсыздык менен күтөм.

Сен шайтансың!”, – деген ал.

Эске салсак, жакында, Даниель Ажиев аттуу жигит Кыргызстандын 7 облусуна 7 миллион сом таратып жүрөт деген жаңылыктар видеолору менен чыккан. Кандай кара теке сүздү ким билсин, кечээ болсо ал оозго алгыс сөздөр менен элди сөгүп чыккан.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here