Коомдук ишмер, алпаруучу Ассоль Молдокматыванын кечээ туулган күнү эле. Ал туулган күнүнүн урматына жетимдер үйүнө дасторкон жайып, алар менен чогуу түштөндү. Андан соң кечинде Ысык-Көлдө жакындарынын курчоосунда тосту. Ассоль айым күтүлбөгөн белектеринин бири чечен президенти Рамзан Кадыров берип жиберген белек болгонун айтты.

“Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Ысык-Көлгө белек берип жибериптир. Бул бриланттьан жасалган азем буюмдар жана ушунчалык кооз букет. Мен чынын айтсам аябай таң калдым. Мына чыныгы лидер, чыныгы мырза, джентельмен! Рамзан мырза, сиз албетте таң калтырууну билесиз! Сизге чоң ыраазычылык!”-деди ал.

Эске салсак, буга чейин Ассоль Молдокматова Данга Битаев аттуу карылар үйүндө жашаган чечен аксакалы тууралуу репортаж жасап, аны чечен президенти Рамзан Кадыров көрүп, Данганы мекенине кайтаруу үчүн атайын учак жиберген эле. Данганы Грозный шаарына Ассоль Молдокматова коштоп барып, ал жактан өзүнүн кайрымдуулук фондуна чечен башчысы 30 миң доллар жардам кылганын билдирген.