72ae49fb-e40d-4d61-862a-ba382c0ca56a-1-696x678

Саламаттыкты сактоо министрлиги жол кырсыгынан жабыркаган дарыгерлерге өзгөчө кырдаал жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу, га министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Абалы оор дарыгерлердин бири реанимациядан орточо оорулуулар жаткан жалпы палатасына которулду. Калган үчөөнүн абалы канааттандырарлык», – деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 18-июнда Орозбеков-Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде КамАЗ тез жардам унаасын сүзүп кеткен. Жол кырсыгында бир дарыгер, эки фельдшер жана айдоочу жабыркаган.