“Каныкейдин көчүгү көрүнүп калды деп эле өлкө ызычуу! Мен мисалы Каныкейдин көчүгүнүн көрүнүшүнөн ар тараптуу эле пайда көрүп атам.

Эй туугандар, Каныкейди керек болсо так гана ушундай көрүнүшү менен шаар ичинде 24 саат жүгүртүш керек! Каныкей Бишкектин көңүлүн бир эле көчүгүнүн көрүнүшү менен көтөрүп коёт экен. Каныкей бир жолу жүгүрүп койду эле, баары ошол көрүнүш менен эле алек. Мисалы милисалар ар бир төрт кошкондо токтотуп, паспортун текшериш керек деп, Каныкейдин көчүгүн көрүп жыргап көңүлдөрүн көтөрүп алышат.

Буулугуп турган апа, аталар Каныкейдин көчүгүн көрүп ииий шерменде деп эртеден кечке аны айтып алек болушат. Сакалчан, чалмачан, дамбалчандар Каныкейдин көчүгүн көрүп астафиралла деп Алланы дагы кошумча беш алты ирет эстеп алышат. Жөн эркектер көчөдө Каныкейдин көчүгүн көрөр замат сөзсүз бирдеке жерге түшүрүп, же батинкесинин боосун байламыш болуп, же дагы бир шылтоо таба калып жакшы ракурстан карай калышып, кыялдарына батышып кечке көңүлдөрү көтөрүлүп сүйгөндөрүнө жөнөшөт, куйруктарын түйрүп алышып.

Кыздар Каныкейдин көчүгүн көрүп сыртынан мурдун чүйрүйткөнү менен “а көчүкта ничего ыйолкиники десе” деп кой арыкташ керек, тренировка кылыш керек деп Каныкейдин көчүгү мотиватор болуп берет. Даже өкмөткө пайда! Каныкейдин көчүгү көрүнөр замат Өкмөттүн косяктары унутулуп калат. Каныкей жүгүрүп чыгаар замат Өкмөт бир эки миллионду оңой эле эчкимге көрсөтпөй кымтып коюшат. Акырын Каныкейдин көчүгүн соц тармактарда жашынып көрүп жаткан эркектерди сүйгөндөрү көрүп калып кызганып андан дагы катуу сүйө баштайт. Кыскасы Каныкейдин көчүгүнүн көрүнүшүнүн зыянынан пайдасы көбүрөөк болуп жаткансыйт. Такшто Свердлов РОВДсынын кызматкерлери, давай өзүңөр эле жыргай бербей Каныкейдин көчүгүнүн көрүнүшү менен бөлүшүп тургула.
Жүгүр Каныкей жүгүр….”