Кыргыз эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы ага 15-майда үйлөнчү жаштардан өкүл апа болууну сунушу түшүп, бирок, ырчы айым бойдок болгонуна байланштуу бул сунушту ойлонуп жатканын айтат:

“Достор, менде сиздер менен маслеттеше турган жагдай болуп турат. Өзүмө тиешелүү көп нерсеге акыл калчап, туура чечим кабыл алганга аракет кылып келем. Бирок, бул жолу бул жаатта тажрыйбам жок болгондуктанбы бир кыйла ойго салды.
Суроо: “Жашооңуздарда күйөөсү жок айымды, же аялы жок мырзаны өкүл ата же өкүл апа койгон учурлар кездешти беле?

Негизи боло береби ошондой? Өкүл ата, өкүл апа деген ким өзү?”
3 ай болуп калды окшойт бул сунушту укканыма. Башында тамаша иретинде кабыл алып койдум эле. Анан бара-бара чын дилден менин өкүл апа болушумду ниет кылып жаткандарын билип ыңгайсызданып калдым. Өзүм үй-бүлөм (күйөөм) жок болсо , кантип жаш үй-бүлөгө үлгү боло алам деп ойлонуп кыжаалатмын. Жаштар ата-энелерине да кабарлашыптыр. “Алар да сизди сыйлашат, кубанышты”,- дейт.

Өкүл ата, апа деген өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган милдет деп ойлойт элем. Ошого оюм санга бөлүнүп , бир чечимге келе албай жатам. Кудай буюрса, 15-май эки жаштын баш кошуу күнү белгилениптир.
Сиздердин оюңуздар кандай? Ушул жаатта кеңешиңиздерге муктаж болуп турган учурум”.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here