Кечээ, 12-майда Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бажы кызматынын төрагасынан кыргыз-тажик чек арасындагы контрабанда тууралуу маалымат сурады.

Жыйында “Чек арадан бензин чоң машиналар менен цистерналап өтүп жатканы тууралуу видеолорду жүктөп жатышат. Мен сурасам, өкмөттүн мүчөлөрү контрабанда жок деп жатышат. Сиз айтыңызчы, контрабанда барбы”, – деп депутат бажы кызматынын жетекчисинен сураган.

Ага Бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Торутаев “элдер келип унаасынын багына бензин куюп чыгып кетип жатышат. Бирок, системалуу контрабанда жок. Цистерналап күйүүчү май өткөн жок”, – деп жооп берди. Буга депутат Бажы кызматынын жетекчисине чек арага барып бир күн отуруп көрүүнү сунуш кылды.

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. ГСМ бензин солярка 30 жылдан бери отуп жатат.О.Бабанов селлей ташып бизнез кылып жаты.жана башка буга окшогондон.толтура.кор болуп калбагыла.коруп билип эле турасынар.элди алдап канын ичебербегилечи.тойсонор да тойбосонорда болду жетет токтоткула.эл учун силер. Враг народа

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here