Карантин. Балким, үй-бүлөсү барларга карантин “майдай” жакты болуш керек… Анткени алардын сүйгөнү кашында.  А бойдокторго жаккан жок. Чын! Анткени сүйүүлөр жазда күчөйт эмеспи. Кашайып, жүрөгүмдүн ээсин жаңы эле тапканда карантин башталганын карачы. Сүйүктүүм экөөбүз 2 квартал эле алыс жашасак дагы арабызды 2 миң чакырым бөлүп тургандай туюлат… Корком. Карантиндин айынан чыныгы сүйүүбүз виртуалдык сүйүүгө айланып кетпесе экен. Колумдан телефон түшпөйт. Сүйгөнүм экөөбүз түн бир оокумга чейин жазышмай, видео байланыш аркылуу сүйлөшмөй… Эркиме койсо азыр эле сага учуп жетип, кучагыма бекем кысып, атыр жытуу алкымындан кере-кере жыттап, кундуздай чачтарыңдан аяр сылагым келет. Эээххх! Бирок, экөөбүздүн кварталдын ортосун бетон блок-пост бөлүп турат. Эмне кылам! Чыдамым түгөндү! Эмне болсо ошол болсун дедим да, ак кагазды алып чыгып өзүмө маршруттук баракча чийдим. Элдин баары маршруттук баракчага дарыкана же азык-түлүк саткан дүкөнгө барарын жазышса, мен “Бара турган багыты” деген жерге “Сүйгөнүм” деп жаздым. Күлбөгүлө! Чын эле ошентип жаздым. Анткени мага ал адам мага азыркы тапта аптека менен азык-түлүктөн да ашык керек болуп турат. Болбосо сагынычым ичиме батпай, жинди болуп кетчүдөймүн…

***

Чыгындым да, сени көздөй чыктым. 2 жума бою үйдөн чыкпаган жаным сен үчүн тобокелге салдым. Көчөгө чыксам эч ким жок. Жаздын жагымдуу тийген күнү көңүлдү көтөрүп, сирень жыттанган абасы сени көздөй шаштырды. Кудум, Уилл Смиттин “Я легенда” деген тасмасындагыдай калаа ичинде жалгыз эле мен чоң жолдун так ортосуна түшүп алып сенин үйүңдү көздөй баратам. Сюрприз болсун деп сага айткан эмесмин. Үйүңө жетип, терезеңдин маңдайына туруп алып сага чалдым.

-Жаным, балконго чыксаң.

-Эмнеге?

-Чыксаң эми, көрөсүң.

-Тамашаңды койсоңчу…

Сен ишенбей балконуңа чыгып:

-Жинди десе! -деп күлдүң. Ооба. Сүйүнүп кеткениңди жашыра алган жоксуң. Анан көп күттүрбөй эле чыктың.  Кооптондуң. Колүңдү сунгуң келбей жатып араң сундуң. А меен жон гана кол алышып учурашканга алымсынган жокмун. Сени өпкүм келди. Тилекке каршы, айдай сулуу ак жүзүңдү бет кап жаап турду. Кап! Экөөбүз үйүңдүн жанында бир аз ары-бери сейилдедик. Сен дагы сагыныптырсың. Сөзүбүз түгөнбөйт. Кантип кеч кирип, саат жебеси 9ду кагарына аз эле убакыт калганын байкабай калыптырбыз. Коштошууга аргасыз болдук.

***

ИИМ: “Бишкекте баланчанчы апрелде түкүнчө киши коменданттык сааттын эрежесин бузуп, кармалды” деген маалыматты окусаң керек ээ жаным? Ошол түкүнчө кишинин арасында мен дагы бармын. Сенин үйүңдөн үйүмө кайтып келатканда кайгуул кызматына кармалып, таң атканча РИИБдин бөлүмүндө жатып, эртеси үйгө келдим.  А сен байкуш түнү менен мага чалыпсың. Мени ойлогонуң, мен үчүн кабатыр болгонуң кандай гана жагымдуу… Же карантинге карабай туруп баш кошуп алсакпы?.. Кайра жакшы да, коноктор көп келбейт, аз чыгым кетет! Тамаша! Мени бир түн эле камап койсо коркот дейсиңби? Сен турганда коронавирустан коркпойм, коменданттык саат, карантин болсо биздин сүйүүгө тоскоол боло албайт жаным! Бүгүн дагы сага барам!

Мундуз