Жолумдун баары түз эмес экен,
Жомоктун баары түш эмес экен.
Акыры аңдап түшүндүм апа,
Адамдын баары сиз эмес экен.

Көзүнөн нуру тамганды көрдүм,
Көкүрөк толо арманды көрдүм.
Кылбасам дагы эч кимге зыян,
Кылыгы жаман жандарды көрдүм.

Чагылган оттор өчкөнүн билем,
Чалышат алар өздөрүн билем.
Баягы сенин суу куйган гүлүң,
Бараткан сайын өскөнүн билем.

Жартымды жаман тордоду апа,
Жакшылар жамап оңдоду апа.
Жабыгып дүйнөм чачылаар кезде,
Жараткан өзү колдоду апа.

Күбүлгөн шактай күз болдум эчен,
Күйүткө калып жүз тоңдум эчен.
Энтигип далай арыштап барам,
Элиңе жакын кыз болгун десең.

Жолумдун баары түз эмес экен,
Жомоктун баары түш эмес экен.
Акыры аңдап түшүндүм апа,
Адамдын баары сиз эмес экен.

Автор: Мырзайым Айтимбетова