“Манас” эл аралык аэропорту 21-июлда “Авиатрафик” авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды, 188 кыргызстандыктар, анын ичинде жаш балдар мекенине келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Бул каттам менен Тюмен, Сургут, Жаңы Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермиден кайтууга өзгөчө муктаж болгон КР жарандары келишти (ар кандай оорусу бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалдагы жарандар).

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын, кыргыз диаспора уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда “Авиатрафик” компаниясынын каттамдарына мурда сатылып алынган авиабилеттердин болушу эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.