Ырчы Айпери Кубик кызы муктаждарга жардам берип жатканы маалым. Ага карабастан, ырчы айымга негатив жазып, “кайрымдуулукту көрсөтпөй жаса” дегендерге жооп берди:
“Мен муктаж үй-бүлөлөргө өз чөнтөгүмдөн жардам берип жатам. Соопчулук кылгысы келген инсандар акчаларын которуп жатышат. Баары элине, айымдарга, жаш балдарга жардам бергиси келгендер. “Айпери, сага эле которуп, жардам берели”,- деп жатат. Ар ким ар нерсе жаза берет экен. Аллах баарына күбө. Канча которгонун чыгарып жатам. Эптеп эле жалаа жаап, жамандаганды токтоткулачы ниети бузуктар.
Мен аял кишимин. Менде дагы үй-бүлө, бала-чака, тирилик бар. Көңүл деген бар. Ар нерсе деп жазгандар пейилиңерди, ниетиңерди оңдосоңор жашооңор дагы жакшы болот. Шүгүр, кылганды үйрөнгүлө. Аллах буйруганы, маңдайга жазганы болот. Аллах берет. Мен себепкер. Канча деген адам кыйналып жатса мен жөн отура албайм. Колумдан келишинче кыла берем. Ата-энем, жолдошум менден кабатыр алышып, ошол эле учурда колдоп жатышат. Атам менен апам “кызым, элдин батасын ала бер. Кудайым ыраазы болсун”,- дешти.