Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов фейсбуктагы баракчасына жубайына арналган ырды жарыялап, жубайы экөө чогуу түшкөн сүрөттөрүн жүктөдү. Колдонуучулар бул посттун алдына экс-депутата терең кайгыруу менен көңүл айтып жатышат. Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова 6-июлда пневмониядан көз жумган эле.

КОШ, ЖАНЫМ, ЖАРЫМ ЖАНАРЫМ!

Канатым сынып кайрылды,

Бөлүшөөр барбы кайгымды?

Ажырап калдым жарымдан,

Өмүрлүк жаным, периштем.

Өксүдү жаным, ый  толуп ,

Санаага  баттым  ойлонуп.

Жазылган дешет маңдайга,

Башынан баары болжонуп .

Жаш элең, жаным жаш элең,

Баарына өзүң, баш элең .

Асылым сени, жар кылып ,

Төрөп берген ата-энең .

Адамдан элең  башкача ,

Жарашчу сени мактаса .

Ажалды таптың доктурдан,

Болобу баса айтпаса .

Жашап бир келгем жомоктой,

Сен барда  баарын тоготпой.

Өксүттүң жанды  асылым,

Олтурам  ыйлап шолоктой .

Кош жаным, жарым асылым !

Жоготту жүрөк жакынын .

Бүдөмүк болуп алды жак,

Жетпей бир турат акылым…