Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде, жарандар жеке менчик лабораторияда тест тапшырууда санитардык нормаларды сактабай жатканын айтты.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги май айында коронавирус илдетине таандык M жана G иммуноглобулиндерин аныктоо үчүн иммуноферменттик ыкма менен тестирлөө жүргүзө баштаган. Ал үчүн бир катар жеке менчик лабораторияларга уруксат берилген. Алар: Бонецкий, Неомед, Интермедикал, Eurolab, Aqualab жана Human лабораториялары.

“Иммуноферменттик тестирлөөнүн негизинде, адамдын организминде оорунун жүрүп жатканын же ооруп бүткөндүгүн билсек болот. Иммунолобулин М – организмде 3-7-күнүнөн баштап иштелип чыгат, экинчи жуманын аягында ылдыйлай баштайт.
Иммуноглоболин G – 2-3-жумадан пайда боло баштап, 3-4-жумадан ылдыйлайт”, – деп билдирди А.Акматова.

Ошондой эле, калктын арасынан канча пайыз COVID-19 илдетин жугузгандыгын аныктоо үчүн атайын жаш курагына карата беш топко бөлүп, региондордо иммуноферменттик изилдөөнү жүргүзүү пландаштырылган. Алар Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Нарын облустарында жана Бишкекте өткөрүлүп келет.

“Жеке менчик лабораторияларда изилдөө жүргүзүлүп баштагандан бери, кайрылган жарандар, тест тапшыргандар көп болуп жатат. Мындан улам, кезекке туруп тест тапшырган учурда калк санитардык нормаларды сактабай жатат. Андыктан, кайсы учурда болбосун беткап кийүүнү, антисептик колдонууну жана социалдык аралыкты сактоону унутпаңыздар”, – деп белгиледи ал.

Иммуноферменттик тестирлөөдө вирустук инфекцияга таандык симптомдору бар болгон жана ооруп жаткан адам менен байланышта болгон жарандар – бул тестирлөөдөн баш тартуусу зарыл экендигин кошумчалады.