Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жанета Баялиева оорунун белгилери анда дагы пайда болгонун жазат:
“Бул белгилер мени дагы айланып өткөн жок. Жыт, даам билбей, үйдөгүлөргө жакындабай жатам. Бирок, балдарымды, жээндеримди кучактагым келет. Эгерде менин дарыгер агаларым болбогондо, эч нерсе менен дем ала албай калмакмын. Негизи билдирүү бул тууралуу эмес. Өлкөнүн азыркы абалы туурасында. Апрелден тарта карапайым калк бул абалдан өзү чыгып кетүүгө аракет кылып жатат. Бул өлкөбүздүн системасы өтө алсыз экендигинен кабар берет”,- дейт ал.