Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жаңы кызматка, тактап айтканда, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу айрым басылмалар жеке булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ал бүгүн Ысык-Көл облусуна чыгып кеткен. Эртең аны администрациянын кызматкерлерине тааныштыруу болот. Балбак Түлөбаев борбор калаанын мэриясынын аппарат башчысы кызматын 2018-жылдан бери аркалап келген.