Ырчы Асель Кадырбекова ооруканадан чыкты. Бул кубанычтуу кабарда “Bars Media” сайтына өздүк булактар маалымдады. Алардын маалыматына таянсак, азыр үйдө, апасынын, жолдошунун жана жакындарынын камкордугунда. Анын бүгүнкү күнгө абалы жакшырып калганы, бирок, толук калыбына келүүгө убакыт керектелери айтылды.

Эске салсак, Асель Кадырбекова үстүбүздөгү жылдын 26-июнь күнү Бишкек шаарында жол кырсыган кабылган. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын бири Асель Кадырбекованын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийинчирээк ага операция жасалганы маалым болгон эле.

Ал эми, Бишкек ШИИББи кырсыкка себепкер болгон ГБР унаасынын айдоочусун Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.