Москвага жакын жайгашкан Подольск шаарында, кыргыз мигранттар көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшкөн 4 жашар баланы сактап калышты. Бул тууралуу, МК басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык жарандар Ульянов көчөсүндөгү 19 үйдүн алдындагы чөптү чаап жатышканда, жаш баланын кыйкырганы угулган. Кийин алар 4 жаштагы бала терезеге асылып турганын көрүшкөн. Кыргыз жарандар дароо таарды жайышып, баланы тосуп калууга жетишишкен. Бала куткарылгандан кийин жарым сааттан соң тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаа келген.

Бул арада, баланын апасы мас абалында үйүндө уктап жаткан. Үйдө шал оорусуна чалдыккан баланын чоң энеси жана 1 жаштагы иниси да бар болушкан. Алар жардамга келе алышкан эмес.