“Оорудан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алуу учурлары катталган эмес, бул адамда иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу. Ошондой эле, бейтап дарыланып чыккандан эки жумадан кийин, башка адамга вирус жуктуруу коркунучу жок”, – деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев.

Адистин айтымнда, айыккан бейтаптарда бир же андан көп белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Мисалы, алсыздыгы, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби, организмдин калыбына келүүсү узакка созулат. Ал эми, үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилери пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Эгерде башка органдардын ооруларынын белгилери болсо: өпкө оорулар, жүрөк-кан-тамыр ж.б. Бул учурда, үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин түздөн –түз ооруну дарылаган профилдик адистерге кайрылуу керек. Ошондой эле, өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентген сүрөттөрүндө белгилери кала берет.

“Ар бир бейтаптын реабилитациясы ар кандай өтөт. Дарыгер жазып берген сунуштарын так аткарыңыздар. Өз алдынча дарыланууга болбойт жана бекитилбеген, такталбаган кеңешмелерди колдонбогула”, – деп кошумчалады Т. Сооронбаев.