Кечээ, 21-июнь күнү Сокулук айылындагы Чоң Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.  Бул туралуу ӨКМ маалымдады.

Жерине КР ӨКМнин №23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Азыркы тапта маркумдун аты-жөнү такталууда.