0c92a9f2-ce37-4d43-8227-3ddb66419a51

Кечээ, 4-августта Латын Америка Европаны ашып өтүп, дүйнөдөгү коронавирустан эң көп адам каза болгон аймак болуп калды. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда бул региондо 206 миңден ашуун өлүм катталган. Бул дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондордун санынын 30 пайызын түзөт.

Коронавирустан эң көп жабыр тарткан Бразилияда 95 миңден ашуун адам каза болгон, ал эми Мексикада 48 миңден ашуун адам көз жумган.