Бейруттун портунда жарылган аммиак селитрасы бийлик 2014-жылы конфискация кылган Rhosus кемесинде болгон. Кеменин ээси банкрот жарыялап, иш жүзүндө ал кемени таштап салган. Бул тууралуу моряктардын сөзүнө таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Rhosus кемеси Батумиден Мозамбикке 2750 тонна селитра жүктөп бараткан. 2013-жылдын сентябрь айында кеме бузулуп, Бейруттун портуна токтогон. Кемени текшергенден кийин, экипажга аны порттон чыгарып кетүүгө тыюу салынган. Ал эми конфискация болгон селитра Бейруттун портундагы кампада сакталып турган, ал жок кылынышы болчу керек эле.

Аталган кеменин ээси – Орусиянын Хабаровск шаарында төрөлгөн, Кипрде жашап жаткан Игорь Гречушкин аттуу ишкер болуп чыккан.